Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуКочкор району 27.11.2017 10:03 На русском

Видео — Кочкордогу унаа кырсыктан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду

Turmush -  Кечээ, 26-ноябрда Кочкор районунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыктан бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына карганда, кырсык саат 12:20лар чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымындагы көпүрөдө болгон. «Тойота Карина» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа сууга түшүп кеткен. Анын кесепетинен 4 адам көз жумган. Алар Нарын шаарынын тургундары экени аныкталды. Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.

Каза болгондор:

- 1964-жылы туулган Ж.М. (айдоочу);

- 1969-жылы туулган Т.Д. (айдоочунун аялы);

- 1990-жылы туулган М.К. (айдоочунун кызы);

- 2017-жылы туулган Т.К. (айдоочунун небереси). 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×