Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Фото - Аламүдүндө жеңил унаа бакты сүзүп, ата-бала каза болду

Turmush -  Чүйдүн Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы жол кырсыктан ата-бала көз жумуп, аял киши ооруканага жеткирилди. ИИМдин билдирүүсү боюнча, ооруканадагы жабырлануучу каза болгон кишинин жубайы. Анын абалы оор экени айтылууда.

Патрулчулардын маалыматы боюнча, унаа оодарылып кеткен. Учурда окуянын чоо-жайы жана көз жумган жарандардын аты-жөнү такталып жатат.

Кийинчерээк кырсыктын күбөсү «Репортерго» «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү унаа бүгүн, 26-ноябрда саат 11:20 чамасында бакты сүзүп, андан кийин оодарылып кеткенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9724
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×