Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баракелде

Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушу дем алышсыз уланып жатат (фото)

Turmush -  Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордун курулуш иштери график боюнча жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, борбор Тоголок Молдо көчөсүндөгү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында курулууда.

Курулуш иштери имаратка жана медициналык жабдыктарга каражат бөлүп берген Германиянын өкмөтү менен болгон макулдашуунун алкагында жүрүп жатат. Жаңы курулган имаратта 10 төрөт, 3 операция залы, 12 керебетке ылайыкталган чоңдордун реанимация бөлүмү, ошондой эле балдардын 20 орундук реанимация, 14 орундук терапия бөлүмү, борбордук тазалоо (стерилизация) жана кир жуучу бөлүмдөр жайгашат.

Жаңы имаратка капсула салуу аземи 2017-жылы 27-сентябрь күнү болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1996
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×