Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Президент С.Жээнбеков биринчи жыйынын өткөрдү

Turmush -  Бүгүн, 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Президенттик аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы жарыялады.

Кеңешмеде С.Жээнбеков Аппараттын алдында ишке тез ашырылуучу кыска мөөнөттүү иш планын жана биринчи кезектеги максаттарды белгиледи. Ал биринчиден негизги багытты улантууну камсыздаган, экинчиден өлкөнүн бардык жашоо тармактарында түп тамырынан реформа жүргүзүүнүн жаңы баскычын кепилдеген чараларды иштеп чыгуунун маанисин белгиледи.

Ошондой эле, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 15-ноябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында негиз катары кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскертти. Ал белгилегендей, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы келе жаткан жылдын февраль айынын аягында кабыл алынышы керек.

Мындан тышкары, президент жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди.

«Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрдү, ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого бардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек», - деп белгиледи президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×