Turmush - Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл аймагында маркум ырчы Чубак Сатаевдин эстелиги коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл башчысы Идирис Кермалиев маалымдады.
Анын айтымында, 108 миң сомго жасалган айкел Чубак Сатаев атындагы маданият үйүнүн алдына коюлду. Иш-чарага райондун жетекчилери, ырчынын апасы, балдары, туугандары катышты.