Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Президент С.Жээнбеков КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгарылды

Turmush -  Бүгүн, 24-ноябрда президенттик кызматка расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков КСДПдагы мүчөлүгүн токтотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал президенттик кызматын аткаруу мезгилинде Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча арыз жазды.

Укуктар КРнын Конституциясынын 63-беренесинин 3-пункту жана 1994-жылы 24-сентябрындагы II съездде бекитилген Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын уставынын 2.5 пунктуна ылайык токтотулду.

Буга байланыштуу арызды берген күндөн тартып, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме менен бардык иш-аракеттер жана билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет.

Сооронбай Жээнбековго шайлоодо 920 миң 620 шайлоочу добуш берген. Бул добуш берген шайлоочулардын жалпы санынын 54,22%ын түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 774
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×