Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баракелде

С.Жээнбеков: Улутчулдукка, регионализмге трайбализмге, кланчылыкка каршымын

Turmush -  Мен улутчулдукка, регионализмге трайбализмге, кланчылыкка каршымын. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда ант берүү аземинде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Биздин элибиз көп улуттуу мамлекет. Мен улутчулдукка, регионализмге трайбализмге, кланчылыкка каршымын жана алардын башкаруу системасында болушуна жол бербейм. Биз ар бир жаран өзүнүн керектигин сезген мамлекетти чогуу курабыз. Мекенден өткөн маанилүү нерсе жок», - деди ал.

Ал буга катар эле байыртадан бери эле бийликтин булагы эл болуп келгендигин кошумчалады.

«Биздин эл үчүн эркиндиктен кымбат эч нерсе жок. Өзүмдүн элиме жана мекениме башымды ийип таазим кылам», - деди президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1102
Көп окулду
×