Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Фоторепортаж - Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдун президенттик ант берүүсү

Turmush -  Кыргызстанды бүгүн, 24-ноябрдан тарта жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков башкарат. Бийликти 6 жыл бою өлкөнү башкарган Алмазбек Атамбаев демократия жолу менен өткөрүп берди.

Кыргыз Республикасын көз карандысыздыкты алган 26 жылдан бери экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, өткөөл мезгилде Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев жетектеди. Бүгүнкү тарыхый күнгө байланыштуу АКИpress агенттиги Кыргызстандын президенттеринин ант берүү учурундагы тарыхый сүрөттөрдү топтогон.

1991-2000-жылдардагы инаугурациялар

Кыргызстандын президенти болгон Аскар Акаевдин биринчи ант берүү аземи 1991-жылы декабрдын башында болгон. Ант берүү аземи Ак үйдө парламенттик сессияда өткөн болчу. Акаев сүйлөгөндөн кийин жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков ага ак калпак кийгизген.

Экинчи президенттик шайлоо 1995-жылы 24-декабрда өткөн. Андан кийинки шайлоо 2000-жылы 29-октябрда өтүп, кайрадан Аскар Акаев жеңишке жетишкен. Ал Кыргызстандын элинин алдында 2000-жылдын 9-декабрында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берген эле. Ал аземде негизги күбөлөрдүн бири Чыңгыз Айтматов болгон.

2005-жылдагы инаугурация

2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев жеңишке жетишкен. Анын ант берүү аземи 2015-жылы 14-августта борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн.

2009-жылдагы инаугурация

Кыргызстандагы бешинчи инаугурация 2009-жылы 2-августта өткөн. Анда 23-июлдагы шайлоодо жеңишке жетишти деп жарыяланган Курманбек Бакиев ант берген. Бул иш-чара Өкмөт үйүндө уюштурулган болчу.

Роза Отунбаеванын ант берүү аземи

Борбор Азиядагы биринчи аял президент Роза Отунбаеванын ант берүү аземи 2010-жылы 3-июлда болгон. Ал өлкө башчысы болуп 27-июнь күнү референдумда шайланган.

Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын имаратында өтүп, Р.Отунбаева кортеждин коштоосунда келген. Аземдин башында БШКнын башчысы Акылбек Сариев референдумдун расмий жыйынтыгын билдирген. Анда кыргызстандыктардын 90%дан ашыгы жаңыланган конституцияны жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болуусун колдогон.

Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи

Президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи 2011-жылы 1-декабрда болгон. Салтанаттуу азем Улутттук филармонияда өткөн. Азем учурунда А.Атамбевге президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылган. Иш-чара 1 саатка жакын убакытка созулган.

2011-жылдагы ант берүү аземинде Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бийлик тынчтык жолу аркылуу өткөрүлүп берилген.

Бүгүн тарыхый күн

2017-жылдын 15-октябрында шайланган президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-ноябрда салтанаттуу түрдө ант берип, президенттик кызматка киришти. Салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» конок үйүндө уюштурулган.

Ага 450 мейман чакырылганы маалым болгон эле. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чакыруу алгандардын арасында Кыргыз Республикасынын баатырлары, коомчулуктун, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү, дипломатиялык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Саат 10:09да БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековго президенттин төш белгисин такты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5100
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×