Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Талас

Жерүй кенин иштетүүчү ишкана аймакта атайын фабрика курууну пландап жатат

Turmush -  Талас облусундагы Жерүй кенин иштетүүчү ишкана өндүрүлгөн продукцияны бөлүп алуучу фабрика курууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Султан Курманбаев билдирди.

Анын айтымында, фабриканын пайдабалына капсула салуу аземи 23-ноябрда өтөт. Буга чейин ишкана тарабынан кен жайгашкан аймакка чейинки жолдор оңдолуп, жумушчулар үчүн таза суу чыгарууга аракеттер көрүлгөн. Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттары, облус жетекчилиги кен иштетилүүчү аймакка барып, аткарылуучу иштер менен таанышышты. Айылдык кеңештин депутаттары дагы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Облус жетекчисинин милдетин аткаруучу Чолпон Төрөкуловдун айтымында, фабрика курулуучу аймак 149 гектарды ээлейт. Жыл сайын бул жер үчүн салык төлөнүп турат. Айылдыктар жайыт катары пайдаланып келген аймактар үчүн Суусамыр жайлоосунан жайыт бөлдүрүп берүү маселеси каралат.

Ал эми, өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Болот Кадырбековдун айтымында, кен иштетилүүчү аймакта жүрүп жаткан бардык курулуш долбоорлору кылдат көзөмөлдөн өткөрүлгөндөн кийин гана корутунду берилген. Азыр да айлана-чөйрөгөн тийгизген таасирлерине баа берилип, экологиялык экспертиза жүргүзүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 468
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×