Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Видео, фото - Оштогу гимназиянын 3,5 миң окуучусу авариялык дааратканага барууга аргасыз

Turmush -  Ош шаарындагы №4 С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясында 3 миң 600 окуучу кооптуу ажатканага барууга аргасыз. Ал эми, 1 жыл мурун курулуп бүткөн жаңы ажаткана ушул күнгө чейин пайдаланууга берилбей келет.

Ата-энелердин бири Насыр Мамажановдун айтымында, суунун басымы төмөн болгондуктан жаңы ажатканада суу жакшы кетпейт. Бул абалга ата-энелер дагы нааразы.

«Эски ажаткананын жанына да барууга болбойт. Мектептин ажатканасы мындай болбошу керек», - деди Н.Мамажанов.

Ал эми, аталган мектептин жетекчилиги жаңы ажаткананы ачуу үчүн Ош шаардык капиталдык курулуш ишканасына бир нече ирет арыз менен кайрылган. Бул маселени чечип берүүгө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге чейин кайрылууга мажбур болушкан. Бирок 1 жыл өтсө дагы жыйынтык чыга элек.

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Жусубалиева буга байланыштуу өтө эскирген ажаткананы оңдоого аргасыз болушканын билдирди.

«Жаңы ажатканын ачылышын мугалимдер деле каалайбыз. Бул маселе боюнча какпаган эшигибиз калган жок. Ош шаарынын мэри менен болгон жолугушууда дагы ажаткана маселесин көтөргөнбүз. Шаар мэри А.Кадырбаев прокуратура кызматкерлерине бул ишти кароону тапшырган. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Мектепте 3 кезмет менен 3 миң 600 окуучу билим алат. Эски ажаткана толуп калган. Аны сордурууга болбойт экен. Жаңы ажаткананын суусу тартпай, ичин каптап кетүүдө», - деди Б.Жусубалиева.

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, ажаткананы ишканалардын бири курган.

Ал эми, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов жаңы ажаткана 4-5 күндө пайдаланууга бериле турганын айтты.

«Эски ажаткана толук жараксыз абалга кептелип калган. Жаңы ажаткана формалдуу түрдө пайдаланууга берилген. Пайдаланууга берилгенден кийин суунун басымы аз болуп, көйгөй жаратып жатат. Мен Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы менен бирге көйгөйдү жеринен көрүп келдим. 4-5 күндө суунун басымы көбөйтүлүп, жаңы даараткана пайдаланууга берилет. Ата-энелердин кооптонгонуна толук негиз бар. Мен алардын арызын туура кабыл алам», - деди А.Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2637
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×