Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Баракелде

Депутат А.Шыкмаматов ооруканага жатты

Turmush -  Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ооруканага жаткырылды. АКИpress агенттигине маалым болгондой, бүгүн, 20-ноябрда депутатка тез жардам кызматын чакырышкан.

Эл өкүлү Бишкектеги ооруканалардын биринин кардиология бөлүмүнө жүрөк оорусу менен жаткырылды. Ал эми, Биринчи май райондук сотунда А.Шыкмаматовго козголгон кылмыш иш каралып жатат.

Кылмыш иш тууралуу:

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго («Ата Мекен») жана Эсептөө палатасынын жоопкерчиликтүү кызматкерлерине кылмыш иш козгогону 2017-жылдын 2-февралында маалымдалган.

Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 315-берененин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмалуулук) менен козголгон. Ага УКМК Эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча иликтөөгө алган материалдар себеп болгон.

Маалыматта айтылгандай, 2011-жылдын 20-сентябрында Эсептөө палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов жеңил кызматтык унааларды сатып алуу үчүн тендердик комиссия түзүү тууралуу буйрук чыгарган. Ал комиссияга аудитор Жусуп Иманалиев төрага болсо, аудиторлор Азамат Кангелдиев, А.Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Төлөгөн Чормонов, бөлүм башчы Б.Жаныбеков, башкы адис А.Романов жана транспорт боюнча инженер Н.Беделбаев мүчө болушкан.

«Бирок, тендер факт түрүндө өткөрүлбөй «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамы одоно бузулган. Эсептөө палатасынын аудиторлору унааны жеке тараптар аркылуу өздөрү тандаган. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен жашыруун келишим түзүлүп, жасалма документтер даярдалган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1928
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×