Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстан ЕАЭБден чыкпайт, - А.Атамбаев

Turmush -  Кыргызстан ЕАЭБден чыгууну көздөгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрдагы маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Белоруссия менен мамиле алдыга жылып жатат. Элчи дайындалып, мамиле өкмөт жана өлкө жетекчилери тарабынан колдоого алынып жатат.

«Армения менен мамиле бир нерсе менен түшүндүрүлөт — биздин жалпы чек арабыз жок. Бирок мамилебиз абдан жакшы. ЕАЭБге кошулганыбыз мигранттар жана экономика үчүн чоң жеңилдик болду. ЕАЭБдин келечеги кандай болот билбейм. Чынында бизди ЕАЭБден ажыратып салышты. Бирок биз Россия менен мамилени сакташыбыз керек. Эртеби-кечпи ЕАЭБден бизди ажыраткысы келгендер ойлонот. Бирок чечим туура болгон, мен өкүнбөйм», - деди ал.

Президент буга катар эле Кыргызстан ЕАЭБден чыкпай тургандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×