Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткен шаарында мектептерде окуучулар нормадан ашык болууда

Turmush -  Баткен шаарындагы окуучулар нормадан ашык болууда.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматовдун айтымында, учурда шаарда жалпы 5500гө жакын окуучу бар. Шаардагы В.Ленин атындагы орто мектеп 1200 окуучуга ылайыкталганы менен анда 1700гө жакын окуучу окуйт. Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп 624 орунга ылайыкташтырылып, учурда 1600 окуучу билим алат.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, бул көйгөйдү чечүү максатында жакынкы күндөрү шаардын Ак-Таш аймагында 375 орундуу жаңы мектеп курула баштайт. Ал боюнча атайын жер бөлүнүп, керектүү документтер даярдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 838
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×