Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Баракелде

Бишкекте 8 жерге жол чырактарды орнотууга тендер жарыяланды

Turmush -  Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы 8 кайчылаш жолго жол чырактарды орнотууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, шаардык транспорт башкармалыгы жол чырактарды төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине жайгаштырууну пландап жатат:

- Элебесов (Абдрахманов) — Васильев — 1,5 млн сом;

- Байтик баатыр — Кулатов — 450 миң сом;

- Алыкулов — Лущихин — 1 млн сом;

- Өмүракунов — Тагай бий — 1,1 млн сом;

- М.Ганди — Васильев — 1,1 млн сом;

- Токомбаев — Нуркамал — 1,2 млн сом;

- Садырбаев — Семетей — 1 млн сом;

- Токомбаев — Куттубаев — 1,2 млн сом.

Жол чырактарды орнотууга сарптала турган акча каражатынын жалпы суммасы 8 млн 550 миң сомду түзөт. Тендерге катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу 8-декабрь күнү аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1366
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×