Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Баракелде

Жусупбек Шарипов КРнын Украинадагы элчиси болуп дайындалды

Turmush -  Шарипов Жусупбек Шарипович Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент А.Атамбаев кол койду. Мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Кувейт, Морокко, Иордания жана Бахрейндеги элчиси кызматынан бошотулду.

Ж.Шарипов 1955-жылы 27-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-куруучу. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×