Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Нарын

Кочкордо СПИДге каршы бир айлык жарыяланды

Turmush -  Кочкор районунда Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Ден соолукка укуктуу» бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Акимдин буйругуна ылайык райондун айыл аймактарында, мекеме-ишканаларда, №15 кесиптик окуу жайында жана орто мектептерде «Өзүңдү сакта!», «Башкаларга үлгү бол» аталышындагы семинар, талкуулар уюштурулат. Ошондой эле, жаштар арасында ток-шоуларды, кароо-сынактарды өткөрүү, китепканаларда бурчтарды даярдоо, баңгизатка көз каранды болгондорду иликтөө, рейд жүргүзүү жана башка иш-чаралар өтмөкчү. Мындан тышкары «Жаштар сергек жашоону тандайт» аттуу спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1501
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×