Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Чүй

Сокулукта окуучулар үчүн дублер күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинде дублер күнү белгиленип, анда окуучулар мугалим, директор кесиптерин аркалашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдирди.

«Бул иш-чара бизде салт катары жылда ѳткѳрүлүп келет. Иш-чаранын максаты — окуучуларды лидерлик сапатка, жоопкерчиликке, уюштуруу иштерине үйрѳтүү. Буга жогорку класстын окуучулары катышат. Алар бир гана мугалим болбостон мектептин администрациясын да жетектеп, директордун кызматын да аркалашат. Мисалы быйылкы жылы мектеп директорунун кызматын 9-класстын окуучусу Азамат Менбиев аткарды. Ал эми, анын орун басары Осмон Кожобеков болду», - деп билдиришти мугалимдер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1440
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×