Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Ысык-Көл

Дарханда жаңы мектеп куруу пландалып жатат

Turmush -  2018-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жаңы мектеп куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл аймак башчысы Мирлан Бейшенов маалымдады.

Анын айтымында, мектеп 275 орунга ылайыкташтырылат.

«Учурда 2 мектеп бар. Бирок жаңы конуштардагы окуучулардын мектепке барып келүүсүнө кыйынчылыктар жаралгандыктан жаңы мектеп куруу зарылдыгы келип чыгууда. Азыр биз бул маселени чечүү багытында аракеттерди көрүп жатабыз. Сауд Арабиянын колдоосу менен 275 орундуу мектеп куруу пландалып жатат. Учурда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жер маселеси да чечилип жатат», - деди ал.

Айылда 7 миң 377 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1247
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×