Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

А.Атамбаев Улуттук банктын аткарып жаткан иштери боюнча маалымат алды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-ноябрда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө өлкө жетекчисине улуттук валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын жана ишкерлердин кызыкчылыктары үчүн финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялай турган өлкөнүн финансылык-кредиттик мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштешинин маанисин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×