Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

4 жылдан бери Өзбекстанда камакта жаткан баткендик токойчу К.Эралиев чыгарылбай жатат

Turmush -  Өзбекстанда тыңчылык кылууга шектелип, 4 жылдан бери камакка жаткан кадамжайлык токойчу Кубаныч Эралиевдин жакындары аны менен абакта жолугушуп келишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Токойчунун эжеси Бүбүнса Эралиеванын айтымында, жолугушууга апасы менен жубайы барган. К.Эралиев буга чейин Кадамжай районунда токойчу болуп иштечү. 6 баланын атасы.

«Октябрь айында апам менен келинчеги жолугуп келди. Апамдын көзү көрбөй калган. Жок жерден күнөөлөнүп жатат. Эки мамлекеттин мамилеси оңолду. Кубанычтын ишин так карап беришсе жакшы болмок. Аялы буга чейин президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, жолдошун чыгарууга жардам сураган», - деди ал.

К.Эралиев 2014-жылдын май айында Өзбекстандын чек арасынан өтүп кеткен деген жүйөө менен кармалып, андан кийин тыңчылыкка шектелип камакка алынган. Коюлган айыптар менен 10 жылга эркинен ажыратылып, учурда Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусундагы абактардын биринде камакта.

К.Эралиев

Эралиев

Окуя тууралуу:

2015-жылдын май айында К.Эралиевдин бир тууган эжеси Бүбүнса Эралиева абактагы инисинин ден соолугу начарлап кеткендигин билдирген.

Аларга иниси абактан кат жазып, Ташкенттин айланасындагы түрмөлөрдүн биринде экенин билдирген.

«15 күн мурда кат келген. Ооруканада экен. Бизге Кубанычты көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ал кант диабети менен ооручу», - деген эжеси.

Ата-энеси токойчу баласы күнөөсүз камалганын айтышкан.

Токойчуну жубайы эмне деген?

2015-жылдын октябрь айында токойчунун жубайы Гүлбахар Эралиева күйөөсү Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусундагы абактардын биринде камалуу экендигин билдирген.

Анын айтымында, жолдошунан 2015-жылдын апрель айында бир жолу кат келген. Андан бери кабар жок.

«Апрель айында Кубаныч менен 3 ай бирге абакта жаткан адам кат алып келген. Башка кабар жок. Азыр кимге кайрылууну, балдарымды кантип багууну билбей калдым. 6 балабыз бар. Бизге Кубанычты көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ал кант диабети менен ооручу», - деген жубайы.

Атасы уулун күтүп жүрүп көз жумду

2016-жылдын 11-ноябрында токойчунун атасы каза болуп, апасынын 2 көзү көрбөй калгандыгы белгилүү болгон.

Эжеси Бүбүнса Эралиева Кубаныч Эралиев Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси оңолуп, бошонуп чыгат деп үмүт кылып жүрүшкөндүгүн билдирген.

«Кубанычтан кабар жок. Атабыз аны күтүп жүрүп кайтыш болду. Апамдын эки көзү көрбөй калды. Кубаныч апамдын көзү тирүүсүндө келсе экен деп кудайдан тиленип отурабыз. Бир канча кызматтарга кайрылганыбыз менен жыйынтык чыккан эмес. Аны ак жерден эле камашкан. Ак ийилет, бирок сынбайт. Эки мамлекеттин мамилеси оңолуп, инибиз чыкса экен деп күтүп отурабыз. Аны менен телефон аркылуу байланышууга да мүмкүнчүлүк жок», - деген Б.Эралиева.

Токойчунун жубайы А.Атамбаевге кайрылган

2017-жылдын март айында К.Эралиевдин жубайы Гүлбахар Эралиева президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, жолдошун чыгарууга жардам сураган.

«Урматтуу президент жолдошумду чыгарууга жардам бериңиз. Көп органдарга кайрылдык, бирок жыйынтык чыккан жок. Жолдошум ишенчээк болгондуктан камалып кетти. 6 балабыз бар. Атасы баласын күтүп жүрүп каза болуп калды. Кайын энемдин эки көзү көрбөй калды. Мен Өзбекстанга барып, жолдошумду көрүп келдим. Абалы оор экен. Өзү кант диабети менен ооруйт. Өзбекстандын президенти менен сүйлөшүп, жардам берсеңиз жакшы болот эле. Күйөөм кармалган учурда Шахимардан анклавынын тургундарына саткан картошканын акчасын алганы Өзбекстанга кирген эле», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3924
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×