Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.11.2017 00:32

Түптөгү №4 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси алмашты

Turmush -  Түп районунун №4 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси болуп Канат Кыдырбаев дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кол койгон.

Канат Кыдырбаев 1978-жылы Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында төрөлгөн. Ал Ысык-Көл мамлекеттик университетинин менеджмент факультетин аяктаган.

2001-жылдан баштап 2003-жылга чейин Ак-Суу райондук айыл чарба башкармалыгынын мүчөсү болуп эмгектенген. 2003-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин жол тейлөө системасында иштеп жатат. Ал аталган кызматка бекитилгенге чейин башкы инженер кызматын аркалаган. К.Кыдырбаевдин 6 баласы бар.

Буга чейин Түп районунун №4 жол тейлөө ишканасынын жетекчилик кызматын Рыспек Исмаилов аткарган. Ал аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×