Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль

Айыл турмушу: Манастык Инесса Кондури кийим токуп, кагаздан гүлдестелерди жасайт (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылынын 19 жаштагы тургуну Инесса Кондури 12 жашынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде 3-курста окуйт.

«Токуунун 4 түрүн билем. Токууну 12 жашымдан баштап эле чоң апам үйрөткөн. Сабактан тышкары токуу менен алектенем. Биздин үй-бүлөдө апалар кыздарына токууну үйрөтүп келишет», - деди ал.

Чебер кыз буга катар эле, кагаздан гүлдестелерди жасайт.

«Кыздарга кагаздан гүлдөрдү жасап берем. Айрыкча 8-мартка карата жасаган ар бир букет гүлдү 500 сомдон баалап алышат. Гүлдөр гофро кагазынан жана салфеткадан жасалат. Келечекте башталгыч класстардын мугалими болгум келет», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3470
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×