Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 02.11.2017 18:00

Баткенде сугат суу маселесин чечүү үчүн 28 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Turmush -  Баткен облусунда сугат суу маселесин чечүү үчүн өкмөт 28 млрд 390 млн сом бөлдү.

Облус жетекчиси Абиш Халмурзаевдин айтымында, облус боюнча жалпы 70 миң гектар айдоо жер болсо, анын 37 миң гектарын кайрак жерлер түзөт. Айдоо жерлерин толук сугат суу менен камсыз кылуу жана пайдаланылбай жаткан дың жерлерди өздөштүрүү үчүн 8 ири долбоор ишке кирет. Ал үчүн өкмөт 28 млрд 390 млн сом бөлдү.

Өкмөттүн 2017-жылдын 21-июлундагы №440 токтомуна ылайык, 2026-жылга чейин республика боюнча ирригациялык 46 долбоорду ишке ашыруу үчүн 58 млрд 186 млн сом бөлүндү.

Ирригациялык ири долбоордун алкагында Баткен районундагы Р-4 каналын кеңейтүүгө 500 млн сом Кытай тарабынан грант түрүндө бөлүнгөн. Бул каналдын сыйымдуулугун кеңейтүү менен 1500 гектар жер өздөштүрүлүп, 6 миң гектар жерди сугаруу иштери жакшырат. Бул иш 2021-жылы толук аяктайт. Буга удаа эле Сох дарыясы аркылуу «Теке-Секирик» долбоору 21 млрд сом менен ишке ашырылат. Бул долбоор 2018-жылы башталып, 2020-жылы аяктап, жыйынтыгында 16 миң гектар жер өздөштүрүлүп, 70 миң гектар айдоо жерди сугаруу иштери жакшырат.

Бул долбоорго Кадамжайдын Кара-Кыштак—Боз каналы да кирген. Ал үчүн 90 млн сом бөлүнүп, 1320 гектар жер өздөштүрүлөт. Бул биринчи этапта ишке ашуучу долбоорлор. Учурда Боз аймагында канал куруу жана сугат түтүктөрүн жаткыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Сугат каналы 2003-жылы жергиликтүү бийлик жана элдин демилгеси менен ашар ыкмасында курулуп баштаган. Боз аймагына баруучу сугат каналынын жалпы узундугу 14 чакырым 500 метр, сыйымдуулугу 1,5 куб метр. Сугат каналы эки туннель аркылуу тоолуу аймакты аралап өтөт.

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Уматилла Акматовдун айтымында, Кара-Кыштактан Боз аймагына суу келерин билген жергиликтүү тургундар бир мезгилде бөлүнүп берилген жер тилкесине там куруп башташты.

Ошондой эле долбоордун экинчи этабында Лейлек районунун Арка өрөөнүнө 1 млрд 900 млн сом бөлүнөт. Натыйжада аймакта 1800 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Эң башкысы өз нугу менен Арка өрөөнүнө сугат суу келет. Ал эми долбоордун үчүнчү этабында Саркент-Төө жайлоо долбоору ишке ашырылат. Ал үчүн 1 млрд 600 млн сом каралып, 2500 гектар жер өздөштүрүлөт. Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясына суу сактагыч курулат. Ал үчүн өкмөттөн 2 млрд сом каражат бөлүнүп, Арка өрөөнүнө суу жеткирүү көйгөйү толук чечилет. Мындан улам 2500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы 3111 га жердин сугаруу иштери жакшырат. Ошондой эле, Кадамжай районундагы Молдо Нияз каналы үчүн 200 млн сом бөлүнүп, 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Өкмөттүн сугат суу тармагындагы ири долбоорлорун жергиликтүү бийлик да колдоого алып, ички чарбалык каналдарды оңдоп, сугат арыктарын бетондоп баштады. Бул аракет Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында көрсөтүлдү.

Айыл аймак башчысы Саатбек Эгембердиев билдиргендей, аймакта 5800 метр сугат арыктары бетондолуп, суу бөлүштүрүүчү түйүн жаңыдан курулду. Жалпы суммасы 73 миң долларды түзгөн долбоор БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланды.

Ал эми, Бүргөндү массивинде 2019-2023-жылдары ири долбоор ишке кирет. Азыркы 18 куб суу көлөмдүү каналы дагы 12 кубга көбөйтүлүп, 5000 гектар жер өздөштүрүлөт. Бүргөндү-2 массивинде жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан 3500 гектар жердин 1200 гектары калктуу конушка берилет. Калган бөлүгү айыл чарба багытындагы кооперативдерге, багбанчылыкка жана жашылча-жемиштерди өстүрүүгө бөлүнөт. Бул аймакта жашоо шарттын жакшырышына жергиликтүү тургундар чоң ишеним артып турушат. Бүргөндү-2 массивинде эң башкысы сугат суу көйгөйү чечилген. Алдыда таза суу, электр энергиясын жеткирүү жумуштары бар. Аймакка көчүп келүүнү каалаган жаштар көп. Бүгүн бош жаткан боз талаа келечекте чек араны бекемдеген чоң айылга айланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×