Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Фергана өрөөнүндө өндүрүлгөн өрүктүн дүйнөлүк стандарты иштелип чыгууда

Turmush -  Фергана өрөөнүндө өндүрүлгөн өрүктүн дүйнөлүк стандарты иштелип чыгууда. Бул тууралуу «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшев билдирди.

«Бул мезгилге чейин өрүктүн товардык сапаты боюнча «А», «В» деп аталган дүйнөлүк стандарты болсо, учурда «С» стандарты менен Фергана өрөөнүнүн өрүгүнө дүйнөлүк стандарт иштелип чыгып, Женевада атайын комиссиянын кароосуна кабыл алынды. Мындан ары Баткен өрүгүн экспорттоодо кошумча шарттар жана мүмкүнчүлүктөр болот», - деди ал.

Учурда «С» стандартына ылайык атайын түшүндүрүү кагаздарын иштеп чыгуу боюнча Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы семинар Ходжент шаарында өтүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1776
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×