Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Ивановкадагы мектеп-гимназияда 25 ийрим иш алып барууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында 25 ийрим иштейт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Дарика Сартбаева билдирди.

«Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясынын имараты 1982-жылы курулган. Ал кезде 950 окуучуга арналган эле.

Азыркы тапта мектепте жалпы 74 мугалим болсо, анын 15 мугалими "Билим берүүнүн мыктысы" тѳш белгиси менен сыйланышкан. Бир мугалим өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланган. Мектеп 2010-жылдан 2013-жылга чейин райондогу "Эң алдыңкы мектеп" наамын алып келген. Ошондой эле, окуучулардын тамактануусун оптималдаштыруу долбоорунун алкагында пилоттук мектептердин катарына кирген. 2015-жылы гимназия макамын алып, Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясы деп аталып келүүдө. Окуучуларыбыз райондук, облустук сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болушту. 2014-жылдан 2017-жылга чейин алтын медаль алгандары да бар.

Мектепте 25 ийрим иштейт. Анда темир ооз комуз, комуз, бий, тамак жасоонун сырлары, чач жасалгалоо, сүрѳтчүлѳр, кыргыздын баалуулуктарын жасоо, драм ийрими, куурчак театрлары жана башкалар бар», - деди ал.

Учурда мектепте жалпы 1 миң 800 окуучу окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 936
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×