Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Оштогу мугалимдер өзгөчө сенсордук такта ойлоп табышты (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы жогорку окуу жайдын мугалимдери эки тарабы тең пайдаланылган өзгөчө сенсордук такта ойлоп табышты. Көп каражатты талап кылбаган бул тактаны Ош технологиялык университетинде студенттерге сабак өтүүдө пайдаланып жатышат.

Бир убакта 10дон ашуун студент бир тактада түрдүү программаларда иштей ала турганын кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Шайыр Сайдаматов билдирди.

«Бул сенсордук тактаны 2 жумада кураштырып бүттүк. Бизге көп деле кыйынчылык жаралган жок. Айнек, түзсүз пленка, проектор, компьютердин жардамында ишке ашырдык. Тактага жарнамалык негиздеги сүрөттөрдү койсо да болот. Интернеттин жардамы менен дагы иштейт. Студенттер видеолорду Bluetooth аркылуу чөнтөк телефонуна көчүрүп алууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Сапаты талапка жооп берет. Күндүн нуруна чагылышпайт, анткени айнектин бетине түзсүз пленкалар орнотулган», - деди декан.

Окуу жайда мындай сенсордук тактадан экөө жасалган. Учурда англис тили сабагында көбүрөөк пайдаланылып жатат. 4-курстун студенти Айнагүл Абдиназарова бир айдан бери сабактар ушул тактанын жардамында өтүп, жакшы шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

«Биз мурун китепти пайдалансак, азыр кандай гана маалымат болбосун интернеттен ала баштадык. Бош убактыбызда интернетти пайдалана беребиз», - деди Айнагүл Абдиназарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1456
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×