Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Талас

Таласта төө буурчактар 48 сомдон 80 сомго чейин сатылууда

Turmush -  Талас шаарында төө буурчактын баасы 48 сомдон 80 сомго чейин болууда. Бул тууралуу сатып алуучулар билдирди.

Алардын айтымында, учурда төө буурчактын 4 түрүн сатып алып жатышат.

«Дыйкандар көбүнчө лопатка сортундагы ак төө буурчакты өстүрүшөт. Анын тазалана элеги 48 сомдон, тазасы 52 сомдон алынат. Ал эми кызыл чаар жана башка бат бышуучу төө буурчактар 60 сомдон 80 сомго чейин алынууда», - деди алар.

Жергиликтүү тургундар төө буурчактын баасы шайлоодон кийин 5-6 сомго төмөндөп кеткендигин белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1788
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×