Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Ысык-Көл

Качыбек айылында 240 орундуу жаңы мектеп ачылды

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрда Ак-Суу районунун Качыбек айылында 240 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин ачылышы өттү.

Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиевдин айтымында, мектепти курууга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы 54 млн сом сарпталды.

«Айылдагы эски мектеп 1970-жылы курулган. Жери саздак болгондуктан дубалдары көгөрүп, ным тартып кулайын деп калган. Жаңы мектептин имаратын куруу иштери 2011-жылы башталып, быйыл жыйынтыкталды. Мектепте 20 мугалим эмгектенет», - деди ал.

Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Дорбаевдин айтымында, мектепте 249 окуучу билим алат.

«Мектептин ачылышын көптөн бери күтүп жатканбыз. Ошондуктан бүгүн эл абдан кубанып турат. Мектеп облустагы эң узак убакытта бүткөн курулуштардын бири болду», - деди ал.

Мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев, район акими Улан Дөкөнбаев, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1412
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×