Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баракелде

Вице-премьер-министрлик кызматка Даир Кенекеевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков коопсуздук, коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-пермьер-министрлик кызматка Даир Кенекеевдин талапкерлигин көрсөттү.

Даир Кенекеев учурда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт.

Коопсуздук, коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-пермьер-министрлик кызмат Темир Жумакадыров 7-октябрда унаа кырсыктан каза болгондон кийин бош калган.

Буга чейин 16-октябрда Turmush басылмасы президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Талас шаарында митинг уюштуруп, алар менен өкмөттүн өкүлү Даир Кенекеев жолугушуп, сүйлөгөнүн кабарлаган.

18-октябрда бул окуя боюнча президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн пикирин билдирген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6996
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×