Алардын айтымында, ыктыярчылар Тынчтык корпусунан келишкен.
«Алар мугалим катары англис тилинен 2 ай сабак берип иштешти. Аларды Кочкор районундагы англис тилчи мугалим А.Мөндүрбаева алып жүрдү. Ыктыярчылар менен чогуу биздин мектептин англис тилчи мугалимдери план менен окуучуларга сабак өтүштү. Алгач 6 жолу сабак өткөн соң 2 жума бою 90 мүнөттөн окуучулар менен жалаң англис тилинде сүйлөшүп, сабак өтүп жатышты. Келген коноктор: Жонатан Майер (Огайо штаты), Месси Смит (Миннесота штаты), Эйвон Хорн (Пенсильвания штаты), Жесика Кордучиге (Индиана штаты) биздин өлкө абдан жагыптыр. Токмок шаарындагы Буранага барып, өтө кызыгып калышты.
Алар кетер күнү мектептин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын алкагында ыктыярчылар мугалимдерге сертификат, директорго ыраазычылык кат беришти», - деп айтылат маалыматта.