Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Гайрат айылындагы окуучулар 24 жылдан бери бала бакчада окушат (фото)

Turmush -  

Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүндөгү Гайрат орто мектебинин көп улуттуу окуучулары 1993-жылдан бери бала бакчанын имаратында билим алышат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Халида Валиева аймактык кабарчыга маалымдады.

Аталган айылда 2015-жылы републикалык бюджеттен сметалык баасы 57 млн сомго бааланган 275 орундуу мектептин имараты курулуп баштаган. Курулуш иштери аяктаганы менен азырынча пайдаланууга бериле элек.

«1993-жылга чейин окуучулар коңшу айылдарга каттап билим алышты. Мындан 24 жыл мурун эски бала бакчаны оңдоп, ага кошумча 5 бөлмө куруп, мектеп катары ачканбыз. Ал имаратта 450дөн ашуун окуучу кыргыз жана өзбек тилдеринде билим алып келсе, акыркы жылдары өзбек тилдүү класстарга балдарын бергендер кескин азайды. Учурда билим берүү кыргыз-орус тилдеринде жүрүп жатат», - деди мектептин мүдүрү.

Ал эми, мектептин жаңы курулган спорт залы азырынча толук бүтө элек. Класстык бөлмөлөр пайдаланууга даяр болгону менен ачылыш азем өтө турган күн азырынча белгисиз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2157
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×