Turmush - Нарын мамлекеттик университетинин студенти Жанара Эркинбек кызы «Үмүт» стипендиясына ээ болуп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин колунан 50 миң сом акчалай сыйлык алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган окуу жайдан билдиришти.
Жанара Эркинбек кызы жакшы окуп, коомдук иш-чараларга активдүү катышып келет.
«Президенттин колун кармап, сыйлык алуу — мен үчүн сыймык. Бул сыйлык көп иштерди жасоого шыктандырды. Төрт жыл аралыгында долбоорлордун үстүндө иштеп, коомдук иштерге активдүү катыштым. Бул эмгектерим бааланып, мени университет "Үмүт" стипендиясына көрсөттү», - деди ал.
Жанара учурда Нарын мамлекеттик университетинин англис тили факультетинде 4-курста билим алат.