Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2017 08:25 На русском

Фото - Президент менен учурашканда өзгөчө толкундандым, - А.Атамбаевден стипендия алган Нуристан

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «Үмүт» стипендиясын алган Нуристан Марат уулу 50 миң сом акчалай сыйлыкка да ээ болду. Ал жогорку окуу жайда мыкты бааларга окуп, өзүнүн алгачкы китебин жазууга жетишкен.

Нуристан Кара-Cуу районуна караштуу Тээке айылында 1996-жылы төрөлгөн. Жогорку окуу жайда туризм тармагындагы факультеттин 4-курсунун студенти. Бул стипендияга жетүү ал үчүн оңой болгон эмес. 

«Президенттин колунан стипендия алуу чоң эмгекти талап кылат. Албетте менде толкундоолор болду. Алмазбек Атамбаев менен учурашканда өзгөчө толкундандым. Президенттин колун кармоо мен үчүн сыймык. Бул ийгиликтеримдин акыркысы эмес, башталышы. Мен алдыда туризм багытында өлкөмө салым кошкум келет. Студенттик жылдарымды билим алууга жумшадым десем болот. 4 жыл аралыгында ар түрдүү кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болдум. Менин окуудагы жетишкендигим бааланып, университеттен президенттик стипендияга көрсөтүлдүм», - деди Н.Марат уулу.

Президенттин «Үмүт» стипендиясы менен быйыл 68 студент сыйланды. Алардын арасындагы Нуристан Марат уулу жана Насийкат Султаналиева Ош мамлекеттик университетинен барышкан.

Президент бул жолу жалпы республика боюнча 32 жогорку окуу жайдан алдыңкы студенттерди сыйлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×