Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.10.2017 00:25

Ак-Талаада биринчи жолу кытай тили боюнча ийрим ачылды (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун билим берүү борборунда биринчи жолу кытай тили боюнча ийрим ачылып, анда окуучулар аталган тилди үйрөнүп жатышканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган борбордо буга чейин кол өнөрчүлүккө, сүрөтчүлүккө үйрөткөн жана компьютер, англис жана орус тили, бий боюнча ийримдерде билим берилип келсе, булардын катарын кытай тили ийрими толуктады. Кытай тили боюнча мугалим Анара Токтогулова 2 тайпадан турган 33 окуучуга, тактап айтканда 1-2-күндөрү 18 окуучуга, 3-4-күндөрү 15 окуучуга сабак өтүүдө.

«2012-жылы мектепти аяктаганда Х.Карасаев атындагы жогорку окуу жайына кыргыз-кытай тили факультетине тапшыргам. Андан соң Кытайга барып 1 жыл билим алып келгем. Ушул жылдын октябрь айынан бери балдар билим борборунда окуучуларга кытай тилин үйрөтүп жатам. Окуучулар абдан кызыгуу менен окуп жатышат. Ушул кыска убакыттын ичинде санаганды жана бири-бири менен кытайча сүйлөшүүнү өздөштүрө алышты. Азырынча 8-9-10-класстын окуучулары билим алып жатышат», - деди мугалим А.Токтогулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×