Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баткен облусу, Баткен 18.10.2017 16:43

Быйыл Баткендеги китепканага 4 миңден ашык китеп алынып келинди

Turmush -  2017-жылы Баткен облустук китепканасы жаңы 4074 китеп менен камсыз болду. Бул тууралуу китепканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, облус боюнча Баткен облустук китепканасына 2095 китеп, Баткен районуна караштуу айылдык китепканаларга 130, Баткен шаардык китепканасына 330, Кадамжай райондук китепканасына 1118, Лейлек райондук китепканасына 273, Кызыл-Кыя шаарына 25, Сүлүктү шаарына 3 китеп тапшырылды.

Облус аймагындагы китепканаларда жалпы 1065037 китеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×