Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баракелде, Бишкек 16.10.2017 13:33

Казакстан Кыргызстандын сүт иштетүүчү 5 ишканасынын продукциясын киргизүүгө тыюу салды

Turmush -  Кыргызстандагы сүт азыктарын иштетүүчү 5 ишкананын продукциясын Казакстанга киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу кечээ, 15-октябрда Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, тыюу салууга ишканалардын инспекцияларында жана жеткирилген азыктардын мониторингинде эреже бузуулар катталганы себеп болду. Кыргызстандын 2 ишканасына тиешелүү продукциянын түрлөрү күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Бул боюнча Кыргызстандын мамлекеттик фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук инспекциясы билдирүү жасай элек.

Аталган түзүм мамлекеттик казак-кыргыз чек арасындагы тилкеде күчөтүлгөн көзөмөл пландык режимдин негизинде жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Казакстандын айыл чарба министрлиги 2017-жылдын 10-октябрынан баштап, казак-кыргыз чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди. Учурда 6 чек ара ветеринардык постунда 32 испектор иш алып барып жатат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 25 ишканасы өздөрүнүн продукцияларын Казакстанга киргизүү укугуна ээ. Алардын ичинен:

15 — сүт азыктарын иштетүүчү ишкана;

8 — балык иштетүүчү ишкана;

2 — даяр эт продукциясын өндүрүүчү ишкана.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×