Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Маймакта кызылчаларды кант ишканасына кабыл алуу баштады

Turmush -  Кара-Буура районунун Маймак айылында кант кызылчасын кабыл алуу иши башталды. Бул тууралуу кабыл алуу пунктунун башчысы Ашыркул Нурмухаммед билдирди.

Анын айтымында былтыркыга караганда быйыл түшүмдүүлүк көп болду.

«3-октябрдан баштап кант кызылчасын кабыл алып баштаганбыз. Дыйкандар жыйноо бүткөн маалдарына карап келишүүдө. Былтыр дүң түшүм 16 миң 500 тонна болсо, быйыл 25 миң тоннанын тегерегинде болот деп турабыз. Дыйкандарыбыз гектарына 68-75 тонна түшүм алышууда. Алып келген тоннанын тең жартысына нак төлөм менен 3450 сом берсек калган тоннасына 76 кг сахар беребиз. Азыр дыйкандар көп келүүдө. Эртең мененки 8:00дөн кечки 20:00гө чейин кабыл алуу жүрөт. Буларды кайра вагондорго жүктөп, Кайыңдыга алып барып, шекер алынып келинет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1296
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×