Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кочкордогу жер алдындагы шаарды казуу иштерине 300 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кум-Дөбө аймагына караштуу Көк-Таш аймагында жер алдынан табылган Х кылымга таандык шаардын калдыктарын изилдөө иштерине акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарынга болгон иш сапарынын алкагында аталган шаар калдыктары менен таанышып, казуу иштерине жардам катары резервдик фонддон 300 миң сом тапшырды.

«Бул табылга кыргыз элинин Х кылымдарда отурукташып, маданияты өнүккөн калк экенин далилдейт. Ата-бабаларыбыз өнүккөн мамлекетте жашап, ар кандай согуштардын кесепетинен шаарлар жоголуп, көчмөн турмушка өтүп кеткенин билдирет. Келечек муундарга тынчтык барынан маанилүү экенин туюнтат. Ошондой эле туризм да өнүгөт», - деди.

Изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан археолог-тарыхчы, профессор Кубатбек Табалдиев табылганын маанилүүлүгүнө токтолуп өттү.

«Кочкор өрөөнүндө бардык доорго тиешелүү тарыхый эстеликтер бар. Алардын археологиялык картасын түзүүбүз керек», - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Кум-Дөбө айылындагы тарыхый жайларды өз алдынча изилдеп, үй музей ачкан Кайырбек Коңурбаев менен да жолугушту. Анын үй музейинде болуп, археологиялык табылгалары менен таанышты.

Белгилүү болгондой, Кайырбек Коңурбаев айылдагы айдоо жерлерден табылган артефактыларды, бышкан кыштан салынган жер астындагы шаардагы имараттардын калдыктарын кырк жыл бою өз алдынча изилдеп, жер үстүнө чыгып калган тарыхый табылгаларды чогултуп үйүнө музей ачкан. Андан соң, «Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны» деген китеп жазган.

 Тема боюнча: Кочкор районунда жер алдындагы шаарды казуу иштери уланып жатат (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×