Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

АКИ-TV: А.Атамбаев Ошто 1 млн долларга курулган футбол академияны ачты (фото)

Turmush -  Ош шаарында Эл аралык футбол федерациясынын каржылоосунда курулган А.Момунов атындагы футбол академиясы бүгүн, 12-октябрда салтанаттуу азем менен пайдаланууга берилди. Иш-чара президент Алмазбек Атамбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ФИФАнын өкүлдөрү жана шаар тургундарынын катышуусу менен өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын алкагында өлкө лидери Кыргызстандын келечеги кең экенин белгилеп, жергиликтүүлөрдү жаңы футбол академиянын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле, көрүндүк катары 500 миң сом тапшырды.

Жаңы ачылган объект белгилүү футболчу Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналып, анын ысымынан аталган. Анда жаштарды, мыкты футболчуларды тарбиялап чыгаруу максатында Бразилиядан атайын 2 машыктыруучу келгени айтылды.

Буга чейин Turmush басылмасы курулуш аймагы 4 гектарды түзүп, курулуш иштерине ФИФА 1 млн доллар каражат бөлгөнүн маалымдаган.

Ошондой эле, Бахадыр Кочкаров объектте 2 чоң, 2 кичи футбол талаа, медициналык комплекс, спорттук зал жана 60 орунга ылайыкталган жатакана бар экенин билдирген.

Анын айтымында, аталган академияда 1 миңден ашык бала машыкса болот.

Курулуш иштеринин жүрүшү (2017-жылдын июль айы)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5018
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×