Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Нарындагы борбордук аянтты оңдоого 20 млн сом каражат керектелет (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоого 20 млн сом каражат керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусуна расмий иш сапары менен барган учурда белгилүү болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ч.Турсунбеков иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Анда Нарын облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Эркин Рахатбек уулу борбордук аянтты реконструкциялоого атайын долбоор даярдалгандыгын, долбоорду аткарууга 20 млн сом каражат сарпталарын билдирди.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы бул долбоор өкмөттө караларын, бирок реконструкциялоо жүргүзүүдө Нарын шаарынын жергиликтүү бийлиги ишкерлерди оңдоп-түзөө иштерине тартуу керектигин билдирди.

Андан соң, ал Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин 50 жылдык мааракесине катышып, 5 компьютер жана 1 принтерди белекке берди. Ошондой эле, мугалимдердин алдыңкыларына сыйлыктарды жана грамоталарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 404
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×