Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Фото — Германия таластык студенттердин көзү менен

Turmush -  Талас мамлекеттик университетинин экология факультетинин 7 студенти атайын долбоорлор менен 6 ай Германияда практикаларын өтөп кайтышты. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Алардын айтымында, ар башка шаарларда болушкан. Практика күнүнө 8 сааттан жүргүзүлүп, айына стипендиялар берилип турду.

1. Чолпонкул кызы Кундуз Гамбург шаарындагы сүт фермада практика өтөдү;

2. Ислам Төлөгөнов Дортмунд шаарындагы сыр чыгаруучу ишканада практика өтөдү;

3. Рустам Муктарбеков Нюрнберг шаарында жер адистиги боюнча практика өтөдү;

4. Элдияр Өзүбеков Дортмунд шаарындагы аары фермасында практика өтөдү;

5. Нурзат Асылбекова Мюнхен шаарындагы сүт фермада практика өтөдү;

6. Каныбек Жолдошбеков Штутгарт шаарында жашылча чарбада практика өтөдү;

7. Нурлан уулу Адилет Дортмунд шаарындагы аары фермасында практика өтөдү.

«Бизге практикадан тышкары берилген убакытта чогулуп, көп саякаттадык. Барынан да Германиянын кайсы шаарында болбосун тазалыгы жакты. Убакытка бары так болушат экен. Бирөөнүн үйүнө ууру кирет, тоноп кетет деген түшүнүк жок. Фермерлери күнүнө таза азык чыгаруу иштери менен алек болушат. «Менин колумдан жаңы ачылыш жасоо келет» деп өздөрүн өстүрүүнүн үстүндө болушат экен», - дешти студенттер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 586
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×