Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Музей ачкан мугалим: Сузактык М.Мадаминов өз каражатына өнөр адамдарынын музейин түптөдү (фото)

Turmush -  Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 Дом-Ата мектебинде эмгектенген 69 жаштагы мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына музей ачты. Чыгармачылыкка кызыккан элеттик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

М.Мадаминовдун айтымында, ал күн сайын айылдан 10 чакырым алыста жайгашкан айылдан келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет. Ал кыргыз-өзбек акындарынын жана жалпы эле өнөр адамдарынын музейин түптөө үчүн мектептин бир бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Учурда бул музейде 400гө жакын китеп, 40тан ашуун классик жазуучулардын сүрөттөрү, 1930-жылдан 1970-жылга чейинки облустагы маданият тармагына байланышкан сүрөттөр, 1950-жылы колдонулган патефондор бар.

Ошондой эле, искусство жаатындагы адамдардын чыгармалары, аларга таандык болгон кол жазмалар, район-шаарлардын энциклопедиясы жыйналган. Бул музейге кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун ысымы ыйгарылган.

«Мен бул музейди ачууну 1987-жылы пландаштырып, ар кайсы жерден экспонаттарды топтоп жүрдүм. Музейди жаңыдан гана түптөөр алдында ошол кездеги Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ардактуу мугалим Бекболот Исабаевге жолугуп, пландарымды айтканымда, ал: «Иним, өтө сыймыктуу ишти баштар алдында экенсиң, бул кылган ишиң жакшы, бирок өтө кыйын» деген насаатын айтты эле. Чындыгында экспонаттарды топтоо бир топ кыйынга турду. Анын үстүнө бардык экспонаттарды өзүмдүн пенсияма, айлыгыма жана каражатыма алганым үчүн кыйынчылык болду. Мындан сырткары, дос, ага-инилерим да жардам көрсөтүп, музейдин ачылышына себепчи болушту», - деди элеттик мугалим.

М.Мадаминов акыркы 5 жылдан бери 1935-жылы негизделген Жоомарт Бөкөнбаев, азыркы Барпы Алыкулов атындагы драм театрдын тарыхын изилдеп, маалыматтарды жыйноо менен алек.

Мугалим тарыхты келечек муунга калтыруу жана кыргыз тилин башка улуттарга да жайылтуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуу максатында музейди түптөгөнүн белгиледи. Ал өзү иштеген өзбек тилдүү мектепте мамлекеттик тилдеги маданий китептерге, баалуулуктарга басым жасап келет. 1996-жылы андагы мектепте «Адабият искуство-музыка» музейин куруу кадамын баштап, быйыл апрель айында музейди ачып, пайдаланууга берди.

Махамаджан Мадаминов 1948-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылында туулган. Ал 30 жылдан ашуун убакыттан бери Дом-Ата мектебинде иштеп келе жатат. Алгачкы эмгек жолун 1972-жылы музыка мугалими болуп баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1557
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×