Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Таласта кыздын үлпөт той үчүн жасалгасына канча акча кетет?

Turmush -  Талас облусунда бир кызды үлпөт тойго даярдоо үчүн канча каражат кетет? Аймактык кабарчы бул суроо менен бул жаатта 5 жылдан бери эмгектенген Нурзат Өмүркановага кайрылды.

- Нурзат айым, үлпөт тойлор кайсы айларда көбөйөт?

- Тойлор күз мезгилинде көп болот. Сентябрда акырындап көбөйүп, октябрь, ноябрь айларында кардарлар көп келет.

- Бир күндө канча айымды үлпөт тойго даярдайсыздар?

- Ар күнү ар кандай болот. Көбүнчө 1 күндө 2-3 кызды тойго даярдайбыз. Ар бир айымды бир келчү бактылуу кадамында эң сулуу кылганга аракет кылабыз.

- Үлпөт салондорунда кандай кызматтар көрсөтүлөт?

- Эң биринчи ак көйнөгү, чач жасалгасы, бет жасалгасы, кирпик өстүрүү, тырмак өстүрүү жана башка кызматтар көрсөтүлөт.

- Бир кызды үлпөт тойго даярдоо үчүн орточо эсеп менен канча каражат сарпталат?

- Үлпөткө даярдоодо ар бир айымдын табити башка болот. Ак көйнөк (ижара) 5 миң сомдон 40 миң сомго чейин бааланат. Бут кийим (ижара) 800 сомдон 3 миң сомго чейин, чач жасалга 800 сомдон 2 миң сомго чейин бааланат. Өзүн боёнтууга 600 сомдон 1500 сомго чейин алынса, кирпик, тырмак чаптоо кызматынын ар бири 1000 сомдон болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 700
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×