
Turmush - Чоң-Алай районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, 34 мугалим акысыз окуудан өтө турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Чоң-Алай райадминистрациясынан билдиришти.
Мугалимдер күнүн белгилеген салтанатка район акими Жумадилла Жапаров, айыл өкмөт башчылары, маданият кызматкерлер жана мугалимдер жамааты катышты. Ж.Жапаров жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мындан аркы иштерине дагы ийгиликтерди каалап өттү.
Райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программалар тартууланып, алдыңкы мугалимдерге облустун, райондун ардак грамоталары тапшырылды. Анын алкагында жеке ишкер Жаманкул Галдыбаев мектептеги 34 мугалимди окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн атайын курстан окутууну убадалады.