Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.08.2017 11:29

Айыл турмушу: Күнөскана курууну интернеттен үйрөнгөн ишкер Г.Ырысалиева жакшы киреше табууда (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 52 жаштагы тургуну Гүлнара Ырысалиева 2 күнөскана иштетип, киреше табат. Аймактык кабарчы ишкер айымдан кабар алды.

Г.Ырысалиеванын айтымында, ал күнөскана куруунун жолун интернеттен үйрөнгөн.

«Учурда биринчи күнөсканага кулпунай, экинчисине бадыраң өстүрүп жатам. Кулпунайдын черный принц сортун Токмок шаарынан алып келгем. Бул сорт бат эзилбейт, алыс жолго алып чыгууга ыңгайлуу. Бирок аны базарга эле алып чыгып сатам. Кулпунай эрте түшүм берип, жазында 1 килограммы 100 сомдон болот. Жайында баасы арзан болгондуктан туугандарга таратам. Ал эми экинчи күнөсканадан күнүнө 30-40 кг бадыраң алам. Биздин жер тилке чоң болгондуктан келечекте анын барына күнөскана куруп, иши жок айымдарды жумуш менен камсыз кылсам деген тилегим бар», - деди Г.Ырысалиева.

Учурда ал күнөскана иштетүү боюнча атайын курстарда билим алууда. Кесиби боюнча физика мугалими, кайра куруу жылдарынан бери жеке ишкерчилик менен алектенет. Дыйкан айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×