Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Эски ыкма менен килем токуган Т.Раимкулованын оригиналдуу эмгектери (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Таттикан Раимкулова эски ыкма менен килем токуйт. Аймактык кабарчы чебер менен таанышып, анын эмгектерине күбө болду.

Уз айым Т.Раимкулованын үй-бүлөсү 2013-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунан Чүй облусуна көчүп келишкен. Ал тигүүнү кичинекей кечинде эле өздөштүргөн. Турмушка чыкканга чейин тигүү фабрикасында иштеген. Турмушка чыккандан кийин билим алып, Ош облусунда кыргыз тил мугалими болуп 15 жыл эмгектенген. Учурда уз айым үй-бүлөсү менен Кара-Балта шаарында жашайт.

Чебер чыгармачылыгын учуруна, түрүнө жараша 3 мезгилге бөлөт. Ал килемдерди биринчи апасы үйрөткөндөй токуган. Андан кийин төшөктөрдү, жаздыктарды тигип, сайма саюу менен алектенип, өзү оймо-чиймелерди ойлоп таба баштаган. «Килем токууну мага апам үйрөткөн. Мен азыр да бардыгын апам көрсөткөндөй кол станокто жасайм»,- дейт ал.

Ал 2000-жылдан баштап килем токуу менен үзүрлүү эмгектене баштаган. Биринчи килеми Ош шаарынын 3000 жылдык мааракесине арналган. Килемге «Ош – 3000», «Улуу жибек жолу», оймо-чиймелер, тоолор, боз үйлөр, аркарлар, төөлөр жана башка үй жандыктарынын сүрөттөлүштөрү түшүрүлгөн. Тилекке каршы, бул килем көргөзмөгө коюлбай калган. Бирок, анын килем токууга болгон калоосу жоголгон эмес. Ал сайма саюу, ийик ийрүү, килем токуу менен алектенет.

«Улуу кызым 1-класска барганда, төөнүн, эчкинин, койдун жүнүнөн китеп кап түйүп бергем. Кызым ошол китеп кап менен мектепке барган» - дейт ал.

Ал кол өнөрчүлүгүнө көркөмдүк, жаңы идея, орнамент кошуп, оймо-төшөктөрдү, кийизден жаздыктарды тигет. Төшөктөргө түлпан саймасын ойлоп таап, аны жайгаштырган. Таттикан айымдын үйүнөн көптөгөн дизайнердик буюмдарды көрүүгө болот. Уз айымдын станогу колго жасалып, жөнөкөй түзүлүшкө ээ. Ушундай станоктун жардамы аркылуу килем токууга болот. Чоң көлөмдөгү килемди 4 уз айым 1,5 ай аралыгында жасап бүтүшөт. Станок канчалык чоң болсо, килем да ошончолук чоң болот.

Чебер кол станогунда ар кандай өлчөмдөгү тасмалдарды токуп, андан кийин аларды бири-бирине бириктирип, килем жасайт. Ошондой эле, кур, капчык, сумка, телефонго кап, калем салгыч жасоого болот.

Уз айым апасынан үйрөнгөн эски саймаларды колдонуу менен бирге өзүнүн жаңы, заманбап саймаларын да чыгарып келет. Автордук саймасы катары А.С.Пушкиндин «Балыкчы жана балык жөнүндөгү жомок» чыгармасынын негизде жасалган «балыктар» саймасы эсептелинет.

«Эгер үй иштери менен алектенбей, эртеден кечке отурсам, 3 метр тасма токуйм. Ал эми башка иштерим менен да алектенсем, 1 метрден 1,5 метрге чейин токуйм. Токуу иштери менен көбүнчө жумуштан кийин, кечкисин алектенем. Бул ишти жасоо оор, бирок, мага абдан кызыктуу. Ошондуктан, килем токуу менен алектенем», - дейт уз айым.

Таттикан айымдын үйүндө ийик да бар. Бирок, ийик ийрүүгө көп убакыт көп кеткендиктен жиптерди сатып алат. Ал өзүнүн тажрыйбасын кыздары менен да бөлүшөт. Улуу кызы Рахманкул кызы Нуриля килем токууну билет. Ал эми кичүү кыздары азырынча апасынын токуганына байкоо жүргүзүшөт.

Таттикан Раимкулова автордук буюмдарды тезирээк даярдоо үчүн заманбап механикалык станок алууну кыялданат. Ошондой эле, улуттук каада-салтты сактап калгысы келгендер үчүн өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2510
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×