Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.08.2017 15:22

Айыл турмушу: Ысык-аталык Б.Сматов үйүнөн автоунааларды оӊдоп, жакшы киреше табат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Бактияр Сматов автоунааны оӊдоп-түзөөнү бала кезинен атасынан үйрөнгөн. Ал мындан сырткары ширеткич болуп да эмгектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

«Мен ширеткич болуп 4 жылдан бери алектенем. Ширете турчу бардык буюмдарды жасай алам. Айына 4-5 кардар кайрылып турат. Автоунаанын моторун жасоону бала кезден үйрөнүп алгам. Атам бул жагынан мыкты чебер. Атамдын жанында жүрүп көп нерсе үйрөндүм.
Унааны үйгө алып келип беришсе бир моторду 6-7 миӊ сомго жасап берем. Бирок үйдө азыркы заманбап чет элдик автоунаанын баарын жасай бербейм. Кээ бир автоунаага оӊдоочу жай керек болот. Мага көбүнчө айылдыктар кайрылат», - деди ал.

Сматов Бактияр Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Туз айылында 1988-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×