Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Оштогу ажылардын экинчи тобу Мединага учуп кетишти (фото)

Turmush -  Ош облусунан ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын экинчи тобу 11-августта түнкү саат 21:25те Ош — Медина аба каттамы аркылуу учуп кетишти. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, ажыларды узатуу иш-чарасына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана зыяратчылардын туугандары катышты. Облус казысы Самидин кары Атабаев зыяратчыларга ак жол каалап, ажылык парзды өтөө учурунда бардык кыйынчылыктарга сабырдуу болууга жана Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, сапарларынын байсалдуу болуусуна ак батасын берди.

Быйылкы жылы Ош облусунан ажылыкка сапарга жалпы 1 миң 750 зыяратчы жолдомо алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 888
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×