Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Видео - Кара-Суудагы маданият үйдүн башчысы белгисиз адамдар тарабынан жабыркаганын айтууда (толукталды)

Turmush -  Нариман айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 30 жыл кызмат кылдым деген Лола Нишанова айыл өкмөт башчы андан коркутуу жолу менен жумуштан кетүүсүн талап кылганын айтууда. Учурда Нишанова маданият үйдүн жетекчиси.

«Мен 30 жылдан бери Нариман айыл өкмөтүндөгү маданият үйүндө иштеп келем. Көп жылдан бери эмгектенип, "Маданияттын мыктысы" төш белгисин алгам. Нариман айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы "сен мурдагы айыл өкмөт башчысы, башкы бухгалтер менен сүйлөшүп жүрсөң, ишке келбей эле кой. Арызыңды жаз" деген. Айыл өкмөт башчысы иш бөлмөсүндө да сөккөн. Аны менен келишпестиктер Өзбекстандан «Мукимий» театры келгенде башталды.

Айыл өкмөт башчысы: "Эмне үчүн концертти Нурдар айылындагы маданият үйүндө койгон жоксуң? Сен концертти Наримандагы маданият борборунда өткөрдүң. Эгер Нурдар айылында өткөндө мен кожоюн болуп турмакмын", - деген. Ошол күнү кечинде биздин үйгө белгисиз адамдар келип чакырганынан сыртка чыксам, 3 жигиттин бири мойнумдан кармап, "бүгүнкү айыл өкмөт менен болгон окуяны бирөөгө айтсаң үй-бүлөң менен жок болосуң" деп темирге окшош буюм менен сайып кетти. Ал окуядан кийин ооруканага жатып чыктым, бирок мага кол салгандар азыркыга чейин табыла элек. Мен азыркы кезге чейин дарыланып жүрөм. Мен белгисиз адамдар тарабынан жаракат алып, ооруканага түшүп калышыма айыл өкмөт башчы түздөн-түз тиешелүү болсо дагы бүгүнкү күнгө чейин жоопко тартылган жок», - деди Л.Нишанова.

Анын айтымында, айыл өкмөттөгү жооптуу катчы, жер адиси дагы жумушунан мыйзамсыз бошотулган.

А 1

А 2

Ал эми, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахманов бул айыптоолорду четке какты.
«Нариман маданият үйүнүн жетекчисин кызматтан четтетүүгө аракет кылууга менин укугум жок. Лола Нишанова азыркы учурда эмгек өргүүдө жүрөт. 14-августтан тарта жумушка чыгат. Биз бөлүп берген акча кайда сарпталганына жооп бере албай жатат. Балдарды жөнөтүп сабатты деген маалыматы жалган. Мен ал айымдын токмоктолдум дегенине ишенбейм. Ал эми, айыл өкмөттөгү жооптуу катчы өз арызы менен иштен кеткен. Жер адиси дипломун жоготконуна байланыштуу жумуштан бошотулган», - деди У.Рахманов.

Улукбек Рахманов Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2017-жылдын февраль айында шайланган.

32

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×