Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук жубайлар 20 килограммдык дарбыздарды өстүрүп, киреше табышат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылынын тургуну Иличбек Абдуллаев 10 жылдан бери дарбыз эгип, киреше табат.

И.Абдуллаевдин айтымында, быйыл 2 гектарга жакын жерге дарбыз, ашкабак, помидор, бадыраң, болгар калемпирин жана башка жер-жемиштерди эккен. Анын 70 сотых жеринде дарбыз өстүрүүдө.

«Акыркы 10 жылдан бери «кримсон свит» сортундагы дарбыздарды эгип келем. Ал 90 күндө бышып жетилет жана түшүмү башка эгиндерге караганда бир топ жогору болот. Ошондой эле, салмагы 20 килограммга чейин жетет. Дарбызды өстүрүү көп мээнетти талап кылат», - деди И.Абдуллаев.

Анын жубайы Гүлмира Исмаилова да жашылча-жемиштерди өстүрүүгө жардам берерин белгиледи.

«Жолдошум дарбыздарды караса, мен помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштерди өстүрөм. Жолдошум экөөбүз дыйканчылык менен алектенип, 3 кыз, 2 уулубузду багып, аларды окууга даярдайбыз», - деди Г.Исмаилова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1790
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×